Mozilla жетекчиси Митчелл Бейкер жаңы өнүмдөрдү жана кызматтарды түзүүгө жана инвестициялоого мүмкүндүк берген реструктуризация жөнүндө ачык катында билдирди. "Тилекке каршы, өзгөртүүлөр 250гө жакын кыскартууну да камтыйт", - деп кошумчалады ал.
Компания Тайбэйдеги ишин токтотот. Дагы 60 адам башка долбоорлорго багытталат.
Бейкер белгилегендей, пандемия компаниянын кирешесине "олуттуу таасир эткен". Натыйжада, Mozilla тарабынан Ковид-19га чейин түзүлгөн план - "жакшы интернетти түзүү", инновацияга инвестиция салуу жана каржылык стратегияны тууралоо - мындан ары "иштей албайт".
Өзгөртүүлөр компанияга эксперимент жүргүзүүгө, тезирээк ыңгайлашууга жана өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдү тез-тез жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, деп кошумчалады топ-менеджер.
Жаңы план коомчулукту курууга, жаңы өнүмдөрдү жана киреше агымдарын түзүүгө басым жасайт. Бейкердин айтымында, компания алгач Pocket, VPN кызматына жана башка маалымат коопсуздугу жана купуялык куралдарына басым жасайт.
Ошондой эле окуңуз: